Биз социалдык тармакта

Нөшөрлөгөн жамгырдан улам 33 ирригациялык объект жарактан чыкты

Ушул жылдын апрель-май айларында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам 33 ирригациялык объект зыянга учурады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, анын кесепети 13,6 миллион сомдук зыян алып келген.

"Суу ресурстары кызматынын карамагындагы түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан жеринде кыйроолорго учураган объектилерде биринчи кезектеги калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп, сугат суу берүү жандандырылууда", - дешти министрликтен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан