Акылбек Жапаров Ирандын элчилигине барды 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ирандын Кыргызстандагы Элчилигине барып, тик учактын кыйрашынан улам аталган мамлекеттин президенти Ибрахим Раиси, ошондой эле бир катар башка жогорку даражалуу расмий адамдардын курман болгондугуна байланыштуу Иран элине көңүл айтты.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, Жапаров дипломатиялык өкүлчүлүктө ачылган көңүл айтуу китебине чын жүрөктөн тилектештик жана колдоо сөздөрү жазылган кол тамгасын калтырды.

Өкмөт башчы курман болгондордун элесине гүл коюп, Ирандын Кыргызстандагы элчиси Голамхоссейн Ядегари менен болгон кыскача баарлашуу учурунда Иран элине, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтуу сөздөрүн жолдоду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан