Бүгүн, 22-майда Ташкент шаарында Кыргызстандын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков менен Өзбекстан Жогорку сотунун төрагасы Бахтияр Исламовдун эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Жогорку соттон маалымдашты.
Маалымдалгандай, жолугушуу Өзбекстан Жогорку сотунун имаратында болуп, тараптар эки өлкөнүн Жогорку сотторунун ортосундагы байланыштарды бекемдеп, меморандумга кол коюшту.
“Биз көп жылдар бою Өзбекстандын Жогорку соту менен тыгыз жана активдүү кызматташып келебиз. Ошол эле учурда биз кесиптик өз ара аракеттенүү аркылуу гана байланышпайбыз. Биздин кызматташтыгыбыз жана жолугушууларыбыз укуктук өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө да, достук мамилелерди өнүктүрүүгө да, Кыргызстан менен Өзбекстандын бир тууган элдеринин ортосундагы жакшы коңшулук мамилелерди чыңдоого да салым кошуп жатканын канааттануу менен айта алам. Ал эми бүгүн меморандумга кол коюу ниети бул байланыштарды дагы бир жолу тастыктайт", - деди Базарбеков.
Ошондой эле ал Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын кезектеги жыйынынын алкагында меморандумга кол коюлуп жатканын өзгөчө белгиледи.
Мындан тышкары Жогорку соттун төрагасы аталган документ сот адилеттиги системаларынын ортосундагы эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө карай дагы бир кадам болоруна тилектеш экендигин айтты.
Ага ылайык, Бахтияр Исламов төрага Замирбек Базарбековго Өзбекстан Жогорку Сотунун имараты, тарыхы, музейи жана ишмердүүлүгү менен тааныштырды.
Белгилей кетсек, бул күндөрү Замирбек Базарбеков башында турган кыргыз делегациясы Ташкент шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин Жогорку Сотторунун төрагаларынын XIX кеңешмесине катышууда.