Бишкекте бий боюнча Борбор Азия чемпиондугу өттү

Бишкек шаарында бийдин бардык түрлөрү боюнча Борбор Азия мамлекеттеринин чемпиондугу өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, аталган чемпиондукка Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан 190 бий тобу катышты.

Ага ылайык, И.В. Гете атындагы №23 окуу тарбиялык комплекси мектеп гимназиясынын "Алексис" бий студиясы Татьяна Кибкалонун жетекчилиги астында үч жолу биринчи орунду ээлеп, гран-приге ээ болду.

"Ал эми ушул эле мектептин Юлия Сабанова жетектеген "Багира" бий студиясы эки жолу биринчи орунду ээлеп, эки гран-при кубогуна ээ болушту", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, хореографтарга эстрадалык жана сюжеттик бийлердин мыкты коюучуларынын дипломдору тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан