Ошто  “Ak-Buura Fashion Week 2024” эл аралык мода жумалыгы өттү   

Ошто “Ak Вuura Fashion Week 2024” II эл аралык дизайнерлер фестивалы болуп өттү. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эл аралык иш-чаранын алкагында Кыргызстандын булуң-бурчунан келген кол өнөрчүлөрдүн, сүрөтчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси, дизайнерлердин кароо-сынагы өткөрүлдү. Ошондой эле Казакстан, Өзбекстан, Орусия жана Кыргызстандын Чоң-Алай районунан келген дизайнер-модельерлердин ар кандай аталыштагы эксклюзивдүү, улуттук кийимдердин дефиле-көргөзмөлөрү көрсөтүлдү.

"Катышкандарга, көмөк көрсөткөндөргө жана салым кошкондорго Ош мэриясы тарабынан ыраазычылык билдирилип, мыкты коллекцияларды тартуу кылган дизайнерлерге дипломдор ыйгарылып, баалуу белектер тапшырылды", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, эл аралык мода жумалыгы Ош мэриясынын колдоосу менен "Подиум" мода, стиль жана сулуулук борбору тарабынан уюштурулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан