Биз социалдык тармакта

Токмок-Прогресс-Кайырма унаа жолуна асфальт төшөлүүдө 

Чүй облусуна караштуу Токмок-Прогресс-Кайырма унаа жолуна асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, жеринде “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №954 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана атайын техникалар иштеп жатат.

Ага ылайык, быйыл жалпы 15 чакырымды түзгөн Токмок-Прогресс-Кайырма унаа жолунун 3 чакырымына (0-1, 8-9, 11-12-чакырымдар аралыгы) 6 сантиметр калыңдыктагы асфальт төшөө иштери каралган. Учурда жумуштар ортодолоп, эки чакырымдан ашык аралыгы асфальтталды.

Белгилей кетсек, жол куруу иштери бардык нормаларга жооп берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан