Досик менен сейилдөө. "Достор" тармагынын достук тиркемеси

"Достор" арзандатуу дүкөндөр тармагы дээрлик үч жылдан бери кыргызстандыктарды сапаттуу, керектүү товарлар жана алардын жагымдуу баалары менен кубандырып келет.

15-апрелде ата мекендик "Умай Групп" ритейлер-компаниясы "Достордун" кардарларына тармактын "Достор Клубу» тиркемесинин бет ачарын жасады. Бул өзгөчө баада жеке буюмдарды сатып алуу үчүн купондорду алуу гана эмес, көңүлдүү жана кызыктуу убакыт өткөрүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк. Муну кантип жасаш керек? Азыр баарын ирети менен айтып беребиз.

Алгач тиркемени AppStore же PlayMarketтен көчүрүп алуу керек (добавить ссылки на скачивание). Тиркемеге киргенде сиз көрө турган биринчи нерсе бул анын башкы каарманы Досик. Сүйкүмдүү ак илбирс сизди карап жылмайып, маанайыңызды көтөрөт. Ошондой эле ал сылык жана камкор.

Тиркемени колдонууну ыңгайлуу кылуу үчүн биринчи кезекте Досик кыска экскурсияны сунуштайт. Андан кийин сиз кошумча сунуштарды кайдан издөө керектигин так билесиз. Ал эми тиркеме чындыгында көптөгөн пайдалуу нерселерге ээ. Биринчиден, башкы бетинде кардарларга азыр товарлардын кайсы түрлөрүн сатып алуу пайдалуу экени айтылат.

Ооба, "Достор" дүкөндөрүндө акциялар жана арзандатуулар жок. Алардын бул дүкөндөрдө кереги жок. Анткени дискаунтердин тармагы дайыма кардарлар үчүн мыкты сунуштарды берүүгө аракет кылат. Эгер сизде атайын тиркеме бар болсо, анда сиз азыр Досик менен доссуз. Жана ал "Достордон" соода кылууда каткенде көбүрөөк пайда болорун кубануу менен бөлүшөт.

Достор тиркемесинин башка ушул сыяктуу тиркемелердин ортосундагы негизги айырмачылык – бул өзүнүн оюну. Ал кызыктуу бөлүмдө жайгашкан. Досик сизди жайлоодон баштап Кыргызстан боюнча саякаттап, тыйын табууга чакырат. Бул жөн гана көңүл ачуу үчүн деп ойлоп жатасызбы? Жок, Досик достукту баалайт жана колдонмону жүктөп алгандарга мүмкүн болушунча көбүрөөк пайда алып келүү үчүн баарын кылууга аракет кылат. Ошондуктан оюн учурунда чогулган тыйындар атайын баада товарларды сатып алууга колдонула турган купондорго айланат.

Ошондой эле колдонмонун кызыктуу жана пайдалуу жагы – бул учурдагы бааны дароо билүүгө мүмкүндүк берген сканер. Эгер дүкөндө күтүлбөгөн жерден баага шектенсеңиз, анда аны басып, керектүү дүкөндү тандап, товардын штрих-кодун сканерлеңиз. Болгону бир мүнөт жана сиз анын канча турарын билесиз.

"Профиль" бөлүмүндө сиз жеке маалыматыңызды өзгөртө аласыз, сатып алуу тарыхыңызды көрө аласыз же тиркеменин тилин тандай аласыз. Тиркемеде сизге эң жакын "Досторду" оңой таба аласыз. Жөн гана тиешелүү бөлүмдү басыңыз жана бардык дүкөндөр картада пайда болот. Эске салабыз, бүгүнкү күндө өлкө боюнча алардын 24ү бар.

Тиркеменин жогорку оң бурчунда жайгашкан эскертме коңгуроосун мезгил-мезгили менен басууну унутпаңыз. Ал жерде, мисалы, майрам күндөрү жарактуу болгон товарлардын атайын баалары жөнүндө эскертүүлөр келип турат. Бул колдонмо гана эмес, пайдалуу маалыматтын жана акчаны үнөмдөө мүмкүнчүлүктөрүнүн толук кампасы. Кайсы жерди бассаңыз дагы кошумча маалыматтар жана белектер бар.

Албетте, тиркемеде жаңылыктар бөлүмү бар. Бул жерден жаңы дүкөндөр кайсы жерде ачылып, кандай товарлар өзгөчө баада көрсөтүлөрүн биле аласыз.

Бирок бул баары эмес. "Достор" кассасында товарларды төлөөдө колдонмону көрсөтүүнү унутпаңыз. Биринчи сатып алуучулар 300 сомдон жогору соода кылган кардар акысыз баштык, ал эми 1000 сомдук соода болсо фирмалык шоппер ала алат.

Достор” — бул эң керектүү болгон нерсе, ашыкча эч нерсенин кереги жок!

Instagram

Сайт

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан