Ибрахим Раиси менен коштошуу зыйнатына Кыргызстандан ким барганы айтылды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Тегеран шаарында Иран Ислам Республикасынын каза болгон президенти Ибрахим Раиси менен расмий коштошуу зыйнатына катышты. Бул туурасында кечээ, 22-майда өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, Төрөбаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жана Министрлер кабинетинин төрагасынын атынан көңүл айткан.

“Коштошуу зыйнатына катышуу үчүн Ирандын борборуна бир катар чет өлкөлөрдүн мамлекет, өкмөт жана парламент башчылары, анын ичинде Пакистандын, Тажикстандын президенттери, Азербайжандын премьер-министри, Түркмөнстандын, Өзбекстандын, Казакстандын, Орусиянын спикерлери, Беларустун тышкы иштер министри, ошондой эле башка чет мамлекеттердин жогорку кызмат адамдары келген”, - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан