Бишкек милициясы чет элдик студенттерге кандай жардам кылышты? (видео)

Милиция кызматкерлери чет өлкөлүк студенттерге ар тараптуу жардам көрсөтүшкөнүн шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Билдиргендей, Кайгуул күзөт башкармалыгынын кызматкерлери кыргыз эстрада жаатынын өкүлдөрү менен биргеликте Хостел жатаканасында жашап жаткан чет өлкөлүк студенттерге тамак-аш, суусундук жана башка көптөгөн азык-түлүктүн түрлөрүн таратышкан.

Ага ылайык, алар чет өлкөлүк студенттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, күнүмдүк турмушуна кайтууга чакырышкан.

"Тартип сакчылары учурда шаарыбызда абалдын туруктуулугуна, алардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жок экендигин айтышты", - деп айтылат маалыматта.

Жолугушуудан соң студенттер өз ыраазычылыктарын билдиришти.

23.05.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан