Кыргыз драма театрынын студенттери Баку шаарында өткөн фестивалда баш байгеге ээ болду

Баку шаарында өткөн түрк тилдүү өлкөлөрдүн студенттик спектаклдеринин II эл аралык театралдык фестивалында Токтоболот Абдумомунов атындагы КУАДТнын алдындагы Театралдык окуу жайынын 3-курсу баш байгеги ээ болду. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда Маданият министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, фестиваль 2023-жылы ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун демилгеси менен башталып, жаш чыгармачыл жаштарды бири-бири менен тааныштыруу, маданий алакаларды чыңдоо үчүн негизделген.

"Фестиваль бул жылы Азербайжанда Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Түркия, Азербайжан мамлекеттеринин чыгармачылык окуу жайлары арасында болду", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Театралдык окуу жайдын 3-курсу Чыңгыз Айтматовдун "Эрте келген турналар" драмасы менен катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан