Кыргызстандык спортчу Эрлан Шеров Бириккен Араб Эмираттарында өткөн дзюдо боюнча Дүйнө чемпиондугунда коло медаль тагынды.
Ал 90 килограммга чейинки салмак категориясында беттешке катышкан, анда 50 спортчу катталган.
Финалга чыгуу үчүн беттеште кыргызстандык спортчу Япониянын спортчусу менен беттешип, "голден скордон" гана утулуп калган. Ал эми коло медаль үчүн беттеште Эрлан Шеров 2022-жылдагы дүйнөнүн вице-чемпиону италиялык Кристиан Парлати менен беттешип, аны утуп, коло байгеге ээ болду.
Бул кыргыз дзюдосунун тарыхында Дүйнө чемпиондугундагы алгачкы коло медаль.
Айта кетсек, турнир азыркы учурда Абу-Дабиде өтүп жатат.