Эми жарандар жол эрежелерин бузган фактыларды түз жибере алышат. WhatsApp номер иштей баштады

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жарандарыбыздын кайрылууларын түз кабыл алуу үчүн күнү-түнү байланышта болгон (0777) 102-102 WhatsApp номурун ишке киргизди. Бул тууралуу аталган кызматтан маалымдашты.

Маалымдалгандай, мындан ары жарандарыбыз көчөлөрдөгү унаалардын туура эмес жерлерге токтотуп койгон учурларын, жол тыгындарын, жол кырсыктарын, мас айдоочуларды жана башка жол эрежелерин бузуу фактыларын көргөн учурда түз ушул номурга сүрөт жана видео тасмага тартып, жөнөтсө болот.

"Жарандарыбыздын жөнөткөн кайрылууларын кызматкерлер жеринен карап, тийиштүү чараларды көрүү менен кайрадан кайрылуу жөнөткөн жараныбызга жөнөтүшөт", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан