Орусиянын Фурмановский шаардык соту адам өлтүрүү боюнча кылмыш ишин карап, 49 жаштагы кыргыз жаранын 11 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, үстүбүздөгү жылдын январь айынын башында ал мас абалында Орусияга Кыргызстандан келген таанышы менен уруша кеткен.
"Соттолуучу жабырлануучуга бычак менен кол салып, моюнуна жана көкүрөгүнө төрт жолу бычак сайган. Жабырлануучу каза болгон. Сот айыпталуучуга өкүм чыгарды. Ал 11 жылга күчөтүлгөн режимдеги колонияга жөнөтүлдү", - деп билдирген Иваново облустук сотунун басма сөз кызматы.