Ысык-Көлдүн Кызыл-Өрүк айылында жол кырсыгы катталып, 3 киши көз жумду. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 23-майда SUPER.KG порталына ЖКККББдан тастыкташты.
Маалымдалгандай, кечээ, 22-майдан 23-майга караган түнү саат 01:00 чамасында DAIMLER CHRYSLER үлгүсүндөгү унаа Ысык-Көл районунун Кызыл-Өрүк айылынын күн чыгыш тарабындагы “Улан” эс алуу жайынын бурулушунда рулга ээ боло албай жолдон чыгып, жол кырсыгына учураган.
Жол кырсыгынын натыйжасында 3 адам (эркек балдар) окуя болгон жерде каза болгон.
Окуя Ысык-Көл РИИБинин электрондук маалымат журналына катталып, тергөө кызматы тарабынан тиешелүү териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.