Аравандагы "Шахноза" базары мамлекетке кайтарылды (видео)

Араван районундагы борбордук базар мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош облустук прокуратурасы тарабынан соттук актылардын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн. Анда Араван райондук мамлекеттик администрациясынын жана райондук кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды мамлекеттик каттоо башкармалыгынын кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, мыйзамсыз түрдө Анаров айыл өкмөтүндөгү (азыркы Достук айыл өкмөтү) 0,31 гектар жер тилкесин "Ш." жоопкерчилиги чектелген коомуна каттап беришкени аныкталган.

"Прокуратура тарабынан аталган коомго мыйзамсыз берилген мамлекеттик актыны жараксыз деп табуу максатында сотко доо арыз берилип, кароонун жыйынтыгы менен толук канааттандырылган. Натыйжада 256 миллион 905 миң сомго бааланган Шахноза борбордук базары Араван районунун Достук айыл өкмөтүнүн балансына алынды", - деп айтылат маалыматта.

Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесине (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) ылайык кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн материалдар УКМКнын тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

23.05.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан