Орусияда атасы каза болгон 3 жаштагы уулун кайра өзү эксгумация кылды (видео)

Орусиянын Ростов шаарында атасы каза болгон уулунун мүрзөсүн кайра казууга аргасыз болду. Мындай маалымат социалдык тармактарга тарады.

Андагы маалыматка ылайык, 3 жаштагы Давид өткөн жылдын декабрь айында каза болгон. Өлөрүнө тогуз ай калганда балага лейкоз деген диагноз коюлган. Химиотерапиянын бир нече курсунан кийин дарыгерлер оору көзөмөлдөн чыгып кеткенин, мындан ары дарылоо мүмкүн эмес экенин айтышкан.

Баланын атасы уулу химиотерапиянын биринчи курсунан кийин дарыгерлер жилик чучугун алмаштырышы керек экенин айткан. Бирок дарыгерлер муну жасашкан эмес. Дарыгерлер рактын күчөп баратканын түшүнгөндөн кийин шашылыш чараларды көрө башташкан, тилекке каршы, анда кеч болуп калган.

Жыйынтыгында баланын атасы Орусиянын Ички иштер министрлигине, Ростов-на-Дону шаарынын прокуратурасына кайрылган. Ал уулун сактап калууга мүмкүн болгонун, бирок дарыгерлер шалаакылык кылганын айткан.

Үй-бүлөнүн жактоочусу баланын мүрзөсүн кайра ачууга уруксат алган. Эми анын сөөгүн адистер изилдөөгө киришет.

Орусияда атасы каза болгон 3 жаштагы уулун өзү эксгумация кылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан