Кыргызстандык ырчы Амирхан Батабаев (Амирчик) Орусиядагы RU.TV телеканалынын "Мыкты старт RU.TV" сыйлыгына ээ болду. Бул тууралуу аталган телеканалдан кабарлашты.
Белгилей кетсек, аталган иш-чара кечээ, 22-майда болуп, түз эфир аркылуу миллиондогон көрүүчүнүн алдында көрсөтүлдү. Ошондой эле телеканалдын сыйлык тапшыруу аземине орусиялык белгилүү жылдыздар катышкан.
Мындан тышкары бир катар орусиялык жылдыздарга да сыйлыктар тапшырылды. Атай кетсек, орусиялык белгилүү ырчы Мот "Мыкты ырчы мырза" наамы менен, Сергей Лазарев "Күндүн батышы" ыры үчүн "Мыкты ыр", Мари Краймбрери "Мыкты ырчы айым", Artik&Asti группасы "Мыкты группа" ал эми Дима Билан "Мыкты клип" наамы менен сыйланышты.
Белгилей кетсек, бул сыйлык тапшыруу аземи жыл сайын уюштурулуп келет.
Ал эми бул жылы кеченин дресс-коду ак түстөгү кийим болду. Ага байланыштуу иш-чарага катышкан жылдыздардын баары ак түстөгү костюмдарды кийип келишкен.