Бишкекте Шабдан баатыр көчөсүн бойлой 7-Апрель көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки тилкеде тротуар куруу иштери башталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, аталган көчөнүн эски асфальты алынып, эски бордюрлар жана ирригациялык системалар демонтаждалууда.
"Учурда Курманалиев көчөсүнөн Будённый көчөсүнө чейинки жолдун түндүк тарабында оңдоо иштери башталды", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 2023-жылы Шабдан баатыр көчөсүндөгү тротуардын 7-Апрель көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн түштүк тарабы оңдолгон.