Мексиканын Сан-Педро шаарынын мэрлигине талапкер Лорения Каннаватинин шайлоо митингинде сахнанын бир бөлүгү урап, жаракат алгандардын саны 50гө жетти. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалымдалгандай, окуя “Жарандык кыймыл” партиясынын талапкери Лорения Каннаватинин шайлоо өнөктүгүн жыйынтыктаган митинг учурунда болгон. Аны менен бирге сахнада атуулдук кыймылдан Мексиканын президенттигине талапкер Хорхе Альварес Мэйнс да болгондугу айтылууда.
Видео тасмада партиянын логотиби тартылган чоң экран каттуу шамалдан улам кулап, сахнада тургандардын качып жаткандыгын көрүүгө болот.
“Талапкерлер олуттуу жаракат алган эмес. Шайлоо алдындагы жыйын бейсбол талаасында өтүп жаткан. 50гө жакын жаран жаракат алып, 6 киши окуянын курмандыгы болду. Жеринде териштирүү иштери жүрүп жатат”, - деп айтылган басылмаларда.