Жээнбек Кулубаев Германиянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Бүгүн, 23-майда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллилди кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалым болгондой, анда активдештирүүсү 2023-жылы башталган саясий диалогду мындан ары кеңейтүү маселелери талкууланды.

Ага ылайык, министр эки өлкөнүн ортосундагы потенциалы толук пайдаланылбай жатканын соода-экономикалык мамилелерди чыңдоо зарылдыгын белгиледи.

"Тараптар эл аралык күн тартибиндеги маселелерди, жашыл экономика жана климатты коргоо жаатындагы кызматташтыкты, ошондой эле Кыргызстан менен Германиянын эл аралык уюмдарынын алкагындагы өз ара аракеттенүүсүн талкуулашты", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан