13-май күнү Айтматов РИИБине мектеп мугалимдери тарабынан жашы жете элек 15 жаштагы өспүрүм кыздын боюнда бар экендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 23-майда SUPER.KG порталына облустук милиция тастыктады.
Маалымдалгандай, жашы жете элек өспүрүм кыздын апасы милицияга арыз менен кайрылган.
“Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин (Зордуктоо) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон. Текшерүү учурунда өспүрүм кыздын 26 жумалык боюнда бар экендиги аныкталган. Аталган кылмыш иши боюнча шектүү катары 1993-жылы туулган А.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат”, - деп айтылган маалыматта.