Чикаго шаарында "Kyrg Demy" кыргыз искусство академиясы ачылды. Ага Сүйүнбек Касмамбетов катышты

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов иш сапары менен Чикаго шаарына барды. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, ал иш сапарынын алкагында кыргыз диаспорасы менен байланышты чыңдоого жана Кыргызстандын маданиятын чет өлкөлөрдө жайылтууга багытталган бир катар жолугушууларды жана иш-чараларды өткөрдү.

Ага ылайык, мамлекеттик катчы "Kyrg Demy" кыргыз искусство академиясынын салтанаттуу ачылышына катышты. Аталган академиянын иши кыргыз искусствосун жана маданиятын жайылтууга багытталган жаңы демилге.

"Сүйүнбек Касмамбетов өз сөзүндө мындай долбоорлордун маданий мурастарды сактоо жана кыргызстандыктардын жаңы муунун алардын ата-тегин сыйлоо духунда тарбиялоо үчүн маанилүү экенин белгиледи.

Мындан тышкары мамлекеттик катчы салттуу кол өнөрчүлүк, улуттук кийимдер жана көркөм өнөр чыгармалары коюлган кыргыз этно-маданий көргөзмөсү, ошондой эле "Kyrgyz Community Center" кыргыз коомдук бирикмесинде ачылган кыргыз тил жана улуттук бий боюнча класстары менен таанышты", - деп айтылат маалыматта.

Иш сапардын соңунда Сүйүнбек Касмамбетов Чикагодогу кыргыз диаспорасынын лидерлери жана активисттери менен жолугушуп, мекендештер менен өз ара аракеттенүү, маданий-агартуу демилгелерин колдоо маселелери талкууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан