Ошто сойкулук менен алектенип жүргөн кыздардын тобу кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын аймагында кардарларды интернет аркылуу чакырып, интим кызматын көрсөтүп келген аялдардын тобу аныкталган. Алар укук коргоо органдарына кармалып калуудан чочулап, тез-тез орун которуп турушкан.
"Акыкы күндөрү кардарларды Г.Айтиев жана Ленин көчөлөрүндө жайгашкан конок үйлөрүндө кабыл алып жүрүшкөндүгү аныкталган. Натыйжада, аталган жайдан 20-30 жаштардагы шектүү 3 аял милиция бөлүмүнө жеткирилип, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди", - деп атыйлат маалыматта.