Ошто тургундун 3 миллиондон ашык сомун алдап кеткен шектүү кармалды

Ошто алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда шаардык милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү катары кармалган 40 жаштагы Б.С. аттуу жаран 2022-жылы Ош шаарынын 39 жаштагы тургунунан 3 миллион 160 миң сом алган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин ар кандай шылтоолорду айтуу менен кайтарбай келген.

"Тергөөнүн алгачкы маалыматына караганда шектүү жабырлануучуга "сага курулуш иштери менен алектенген жоопкерчилиги чектелген коом ачып берем. Башкысы ошол сага таандык ЖЧК ири мамлекеттик курулуштардын жеңүүчүсү болот" деп алдап, акчасын алып, убадасын аткарбай койгон. Берген акчасын кайра ала албаган 39 жаштагы жабырлануучу 2 жылдан кийин милицияга арыз менен кайрылган", - деп айтылат маалыматта.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, "Алдамчылык" беренеси менен тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан