УКМК Камчы Көлбаевдин туугандарын кармады (видео)

Адам уурдоо фактысы боюнча маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин тууганы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда УКМКдан билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМКга "мыйзамдагы ууру" Камчы Асанбектин (Көлбаев) колдоосунан пайдаланып, өз кызыкчылыктарына жетүү үчүн мамлекеттик кызматкерлерге кысым көрсөтүп жүргөн айрым адамдар тууралуу маалымат келип түшкөн.

"Тактап айтканда, Камчы Көлбаевдин туугандары Ж.Э.А. жана Ж.С.А. күч колдонуу жолу менен жергиликтүү кеңештин айрым депутаттарын мыйзамсыз эркиндигинен ажыратышкан. Натыйжада козголгон кылмыш ишинин алкагында бир катар ыкчам издөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Учурда адам уурдоо фактысы боюнча Ж.Э.А. Каракол шаарында убактылуу кармоочу жайга киргизилип, ыкчам тергөө иш-чаралары уланууда.

Видео: УКМК
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан