Жаратылыш ресурстары министрлигинин Экологиялык техникалык көзөмөл жана биологиялык ресурстар кызматынын кызматкерлери Бишкекте рейд өткөрүштү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, алар рейд учурунда Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында кызыл китепке кирген бүркүттү алып келгендерди аныкташкан.
"Эреже бузуулар жөнүндө кодекстин 262-беренесин бузгандыгы үчүн жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом айып салынат", - деп баса белгиледи Жаратылыш ресурстары министрлиги.
Мындан тышкары кызматкерлер куштун ээсине түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, бүркүттү алышкан. Куш жапайы жаратылышты коргоо бөлүмүнө өткөрүлдү.