Жалал-Абаддагы Кара-Дарыя дарыясынын жээги бекемделип баштады

Сузак районунун Кара-Дарыя айыл өкмөтүнөн агып өткөн Кара-Дарыя дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, айдоо жерлерге жана турак жайларга кооптуулук жараткан. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда ӨКМден билдиришти.

Маалымдалгандай, аталган аймактагы кооптуулукту эске алуу менен жерине ӨКМдин 20 оор инженердик техникасы тартылып, жумуш башталды.

"Кооптуулукту жоюу үчүн Барпы айыл өкмөтүнөн аска таштар түшүрүлүп, дарыянын Бостон жана Кундузчу тилкелеринин оң жээгине бекемдөө, дарыянын нугун буруу иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан