Орусияда дагы бир жогорку даражалуу аскер кызматкери кармалды

Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн байланыш боюнча башкы башкармалыгынын башчысы, генерал Вадим Шамарин кармалды. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Ал өзгөчө ири өлчөмдө пара алган деп айыпталууда. Кечээ, 22-майда сот генералдын баш коргоо чарасын карап, эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Белгилей кетсек, бул Орусияда жогорку даражалуу аскер кызматкерлеринин биринчи кармалышы эмес. Буга чейин, 21-майда Аскердик сот Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн 58-армиясынын мурдагы командири Иван Поповду алдамчылыкка шектеп кармаган. Иш боюнча кошумча маалымат берилген жок.

Мындан тышкары 14-майда жалпыга маалымдоо каражаттары Орусиянын Коргоо министрлигинин башкы кадр башкармалыгынын башчысы, генерал-лейтенант Юрий Кузнецовдун кармалганын жазып чыгышкан. Ал эмнеге шектелип жатканы так айтыла элек.

Буга чейин 23-апрелде Орусиянын коргоо министринин орун басары Тимур Иванов пара алып жаткан деген шек менен кармалган. Аны менен бирге коррупциялык иш боюнча акча которууга катышкан дагы бир нече адам кармалганын орусиялык басылмалар жазышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан