Бүгүн, 23-майда Бажы кызматы Өзбекстандан идиш-аяктарды мыйзамсыз ташып келүү фактылары аныкталганын билдирди.
Билдиргендей, Баткен бажычылары А.Д. аттуу жарандын башкаруусундагы Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унааны токтотуп, текшерүүгө алышкан. Унаанын жүк бөлүгүндө эч кандай документтери жок, жалпы салмагы 804,9 килограммды түзгөн идиш-аяктар табылган. Кармалган товардын жалпы орточо базар баасы 298 миң сомду түзгөн.
"Мындан тышкары Баткен районунун аймагында Х.У. аттуу жарандын башкаруусундагы OPEL ASTRA үлгүсүндөгү унааны текшерүү учурунда мыйзамсыз идиш-аяктарды ташып келүү фактысы аныкталган. Жүктүн жалпы салмагы 401,1 килограммды түзөт. Ошондой эле эч кандай товар коштоочу документи жок кездемелер дагы табылган. Кармалган товардын жалпы орточо базар баасы 145 миң 564 сомду түздү", - деп айтылат маалыматта.
Бажы кызматы чогултулган материалдар Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилгенин кошумчалады.