Бишкекте Кыргызстан менен Пакистандын студенттери футбол ойношту (видео)

Бишкекте борбордук милициянын демилгеси менен кичи футбол боюнча достук мелдеши өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Мелдешке Кыргызстан жана Пакистан жарандарынан, ошондой эле Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринен түзүлгөн командалар катышты.

"Аталган иш-чара достук мамилелерди жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоо максатында өткөрүлдү. Белгилей кетсек, оюн катышуучулардын ортосунда баарлашууга жана бири-бирин урматтоого өбөлгө түздү. Өз кезегинде, чет элдик студенттер спорт бул элди бириктирип, ар кандай пикир келишпестиктерди жеңе турган күчкө ээ экендигин кошумчалашты", - деп билдиришти шаардык милициядан.

Жыйынтыгында Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Токтоналиев Бишкекте абал туруктуу экенин, милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатканын, ошону менен бирге аларга коопсуздугуна кам санабоону белгилеп кетти.

Мындаш тышкары ал бардык катышуучуларды өз ара түшүнүшүүгө, достукка, чагымчылдыкка алдырбоого жана жалган маалыматтарга алданбоого чакырды.

Бишкекте кыргызстандыктар менен пакистандыктар футбол ойношту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан