Биз социалдык тармакта

24-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат 

Эртең, 24-май Ысык-Көл, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда Кыргызгидромет борбору билдирди.

Ага ылайык, батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +9…+13, күндүз +22…+27

Таласта түнкүсүн +8…+13, күндүз +19…+24

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +24…+29

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25

Нарын аймагында түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26

Бишкек шаарында түнкүсүн +12…+14°, күндүз +25…+27° жылуу болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан