Айова штатынын Гринфилд шаарында торнадонун кесепетинен улам төрт киши каза болгондугун чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка караганда, 35 киши жабыркаган.
“Бул сан ооруканага кайрылгандардын гана тизмеси. Жабыркагандар дагы бар болушу мүмкүн. Гринфилд эки миңдей жашоочусу бар кичинекей шаар. Торнадо 21-май күнү күндүз шаарды каптады. Жергиликтүү оорукана жарактан чыгып, тургундар үйсүз калды”, - деп маалымдаган Айова штатынын Коомдук коопсуздук мамлекеттик департаменти.
АКШнын улуттук метеорологиялык кызматы 21-майда торнадо боюнча 20дан ашык билдирүү алгандыгын айтып, анын көпчүлүгү Айованын тургундарынан экендигин билдирген.