Аравандын 30 жаштагы тургуну Одноклассникиде бөлүшкөн посттору үчүн улут аралык кастыкты козутууга шектелип кармалды

Араванда улут аралык кастыкты козуткан жаран аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда Ош облустук милициясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери тарабынан социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда Одноклассники социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу өзүнүн жеке баракчасына улуттар аралык кастыкты, араздашууну козутууга багытталган материалдарды жүктөгөндүгү тууралуу маалымат алынган.

Бул маалымат каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө алынган далилдерге тийиштүү экспертизалар дайындалып, анын корутундусуна ылайык, аталган аккаунттун ээсинин социалдык тармактарга жарыялаган аудио, видео жазууларда улут аралык кастыкты козуткан лингвистикалык бирдиктер камтылгандыгы аныкталган.

Топтолгон материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) менен кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган.

Шектүү Араван районунун 1994-жылы туулган И.И. аттуу тургуну экендиги аныкталып, 21-май күнү тергөө кызматына жеткирилген. Учурда тергөө амалдары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан