Депутат Маматалиев менен Кокулов 42 курулуш компаниясына алданган үлүшчүлөр менен жолугушту

Бүгүн, 23-майда Жогорку Кеңештеги "Ынтымак" фракциясынын лидери Марлен Маматалиев жана депутат Эрулан Кокулов 42 курулуш компаниясынан алданган үлүшчүлөр менен алардын талылуу маселелерин талкуулоо жана чечүүнүн мындан аркы механизмин иштеп чыгуу максатында жыйын өткөрүштү.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, иш-чарага укук коргоо органдарынын өкүлдөрү да катышты. Жыйында алданган үлүшчүлөр боюнча түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча системалуу иштер жүргүзүлүп жатканы айтылды.

Эл өкүлдөрү менен үлүшчүлөр ар бир турак үйдүн учурдагы абалын кеңири талкуулашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан