Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, бүгүн, 24-майда Ысык-Көл, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө +22…+27
Таласта +19…+24
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +24…+29
Ысык-Көл жергесинде +20…+25
Нарын аймагында +21…+26
Бишкек шаарында +25…+27° жылуу болот.