Элмирбек Иманалиевдин ыр китеби түрк тилинде чыкты

Кыргыз өлкөсүнүн Эмгек баатыры, төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин ”Аманат” аттуу ыр китеби түрк тилинде жарык көрдү. Бул тууралуу “Манас” театрынан билдиришти.

Маалыматта аталган китеп ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раевдин демилгеси менен Түркиянын Анкара шаарында чыгарылган.

Белгилей кетсек, Элмирбек Иманалиевдин китеби буга чейин казак акыны Айбек Калиевдин демилгеси менен казак тилине которулган.

Элмирбек Иманалиевдин ысымы Кыргыз улуттук “Манас” театрынын төкмө акындар мектебине ыйгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан