22-майда "Ханбийке" тасмасынын жабык көсөтүүсү болду. Тасманы көрүүгө Кыргызстандын белгилүү актёр, актрисалары жана Казакстандан дагы меймандар келишти.
Кинодо ата менен кыздын бири-бирине болгон сүйүүсү, ишеними жана алардын жашоодогу орду көрсөтүлгөн.
Режиссёр Мирлан Өмүралиевдин айтымында, кинонун идеясы Аскат Субанбековго таандык. Аскат Субанбеков бул тасмада продюсерлик кылган. Ал эми башкы ролдорду актёр Камчы Сарыбаев менен Аида Багышбекова ойногон.
Учурда аталган тасма өлкөнүн бардык кинотеатрларында көрсөтүлүүдө.