Жалал-Абадда лицейдин бүтүрүүчүсү АКШнын 10 университетине окууга өттү

Кечээ, 23-майда президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Американын 10 университетине окууга өткөн Теңизбек Токтомушевди кабыл алды. Бул туурасында мекемеден кабарлады.

Маалымдалгандай, ал шаардагы Курманбек баатыр балдар лицейинин бүтүрүүчүсү жана жогорку окуу жайларга өтүү менен грантка 1 миллион доллар утуп алган.

Сыргабаев бул көрсөткүч облустун билим берүү тармагындагы чоң жетишкендик экенин айтып, Теңизбекти окуудагы жараткан ийгилиги менен куттуктады.

“Алдыда туура кесип тандап, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошкон мыкты кадр, татыктуу инсан болушуна тилектешмин. Бул жетишкендикке лицей мугалимдеринин эмгеги чоң”, - деп белгилеген президенттин өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан