Ош шаарынын коомдук-саясий турмушуна активдүү катышкан, үлгүлүү жүрүм-туруму менен айырмаланган атайын орто жана жогорку окуу жайлардын студенттери сыйланды. Бул жөнүндө мэриядан бүгүн, 24-майда маалымдашты.
Сыйлоо аземине Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев жана студенттер катышты.
Жунусбаев студенттерге билим берүү, илим жаатында чыгармачылык изденүүлөрдү, жетишкендиктерди каалап, бир катар студенттерге Ош шаарынын мэриясынын атынан ыраазычылык баракчаларды тапшырды.