Биз социалдык тармакта

Догдуркүл Кендирбаева Лондондогу кыргыз жаштары менен жолугушту

Лондондогу XX Бүткүл дүйнөлүк билим берүү форумуна катышуу сапарынын алкагында билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Улуу Британияда окуган кыргыз студенттери менен жолугушту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, министр “Эл үмүтү” стипендиясынын ээси, журналист Сапаргүл Абдинабиева менен жолугушту.

Мындан тышкары Google'дун кеңсесинде эмгектенген Азирет Кенжеалиев менен жолугушуусу болуп өттү.

"Догдуркүл Кендирбаева Google компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушууда нейросеттер, билим берүү системасы үчүн жасалма интеллекттин функциялары тууралуу маалыматтарды алды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан