"Биринчи үй-бүлөм куттуктайт". Куудул Борончу Кудайбергенов 58 жашка толду 

Бүгүн, 24-май – куудул, тамада жана ырчы Борончу Кудайбергеновдун туулган күнү. Ал бул жылы 58 жашка толду. Ал эми Кудайбергеновду SUPER.KG порталы куттуктап байланышканда туулган күнү менен биринчи үй-бүлөсү куттуктаганын айтып өттү.

"Туулган күнүмдү биринчи үй-бүлөм куттуктайт жубайым, балдарым анан досторум. Биз негизи туулган күндө өзүбүздү куттуктай беребиз го. Мен туулган күн дегенде апамды эстейм. Ата-энелерге ыраазычылык айтыш керек, ошолордун эмгеги чоң. Алар жашоого алып келди, тарбия берип чоңойту.

Мен туулган күнүмдү атайын белгилебейм деле. Меники ар дайым талаада, гостролдоп жүргөндө же курулуш иштерин жасап жатканда болот. Бүгүн туулган күнүм турбайбы деп өзгөчө көңүл деле бурбайм, кадимкидей жумуш кылып эле жүрө берем. Мына азыр деле иш кылып жатам", - деди Борончу Кудайбергенов.

Ошондой эле ал бала кезиндеги эсинде калган туулган күнү менен бөлүшүп өттү.

"Бала кезде Талант деген досум бар болчу, азыр арабызда жок, каза болуп калган. Ал менин туулган күнүмдү куттуктайм деп үйүндөгүлөрдөн акча сураса бербей коюшуптур. Ал болсо бөтөлкө терип келип өткөрүп анан суусундук, таттууларды алып келиптир. Ошентип туулган күнүмдү тосконбуз. Ошол туулган күн дагы деле эсимде", - дейт ал.

Борончу Кудайбергенов Жумгал районунда 1966-жылы жарык дүйнөгө келген. Ал 1984-1986-жылдары Чаектеги №26 кесиптик техникалык орто окуу жайында окуган. 2003-жылы Жеке ишкерлерди өнүктүрүү институтуна тапшырып, 2008-жылы бүтүргөн. 2006-жылы белгилүү куудул Рахман Разыковдун демилгеси менен уюштурулган "Уланып күлкү баяны, сахнада куудулдар жана аялы" деген фестивалында Гран-прини алып, Мерседес жеңил автоунаасын утуп алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан