Чехиянын 62 жаштагы президенти мотоцикл кырсыгына кабылып, ооруканага жаткырылды

Чехиянын президенти Петр Павел мотоцикл кырсыгынан кийин ооруканага жеткирилген, бирок анын жаракаттары олуттуу эмес деп билдирди анын басма сөз кызматы. 62 жаштагы Павел медициналык мекемеде канча күн болору белгисиз.

Окуя кечээ, 23-майда жабык ат майданда болгон. Ага эмне себеп болгону тактала элек. Жалпыга маалымдоо каражаттары Чехиянын президенти көбүнчө немистердин BMW R1200GS үлгүсүндөгү мотоциклин айдай турганын жазышкан.

"Анын жаракаттары олуттуу эмес, бирок ага Аскердик университеттин госпиталында кыска мөөнөттө байкоо жүргүзүлөт", - деп билдирди Чехия президентинин кеңсеси.

Келерки бейшемби күнү, 30-майда Петр Павел Прагада НАТОго мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери менен жолугушуусу пландалган болчу. Ага барабы же жокпу, азырынча белгисиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан