Жаңыланган тизмеде "Барселона" клубунда тарбияланып жаткан УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Эмир-Хан Кыдыршаев да бар. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.
Маалымдалгандай, Штефан Тарковичтин жетекчилиги алдындагы футбол боюнча Улуттук кураманын машыктыруучулар штабы 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунда жана 2027-жылкы Азия Кубогунун июнда өтө турган тандап алуу оюндары үчүн даярдыктын алкагында өтө турган жыйынга кураманын кеңейтилген тизмесин жарыялады.
“33 оюнчудан турган курама 27-май– 4-июнь күндөрү Жалал-Абад шаарында окуу-машыгуу жыйынын өткөрөт. Беттешке 23 гана оюнчу кирет. Ал эми акыркы тизме 3-июнда белгилүү болот", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Улуттук курама тандап алуу оюндарынын алкагында 6-июнда Бишкектин Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда Малайзияга каршы ойнойт. Ал эми 11-июнда Омандын борбор калаасы Мускат шаарында Оман Улуттук курама командасы менен беттешет.