Бүгүн, 24-майда Ашхабадда өтө турган КМШ өлкөлөрүнүн Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуусунун алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, анда Жапаров жыл башынан бери кыргыз-казак мамилелеринде жигердүү өз ара аракеттенүү байкалганын белгиледи.
Ошондой эле Министрлер кабинетинин төрагасы эки өлкө жетекчилиги алдыга койгон максаттарга жетүү үчүн өлкөлөр ортосундагы күн тартибинде турган инвестициялык жана башка долбоорлорду өз убагында ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоо зарыл экенин белгиледи.
Өз кезегинде Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов: "Биздин мамилелерибиздин маанилүү стратегиялык компоненти соода-экономикалык вектор болуп саналат. Биз бул позитивдүү динамиканы сактап, мамлекет башчылары белгилеген жаңы максатка, соода жүгүртүүнүн көлөмүн 3 миллиард долларга жеткирүү үчүн ишти активдештирүүбүз керек", - деп белгиледи.
Ага кошумчалай, Акылбек Жапаров кесиптешин 10-11-июнунда Вена шаарында Дүйнөлүк банктын колдоосу жана Австрия өкмөтүнүн көмөгү менен өтө турган Эл аралык энергетикалык инвестициялык форумга чакырды.
Ошондой эле тараптар Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелердин духундагы кызматташуу мындан ары да прогрессивдүү өнүгөрүнө ишеним артышты.