Казакстанда селден жабыркаган 356 үй-бүлөгө үй жана батирлер берилди

Казакстанда селден улам үйү талкаланып, жараксыз абалга келген 356 үй-бүлө жаңы үйлөргө жана батирлерге ээ болгонун казак өкмөтүнүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча жалпысынан 30 миң 912 адам арыз жазса, анын ичинен 29 миң 625 үй-бүлө бир жолку төлөм алган. Костанай, Актөбө, Акмола, Абай, Батыш Казакстан, Караганда, Павлодар жана Улытау облустарында төлөмдөр толугу менен аткарылды. Иш Атырау жана Түндүк Казакстан облустарында уланууда.

"Жабыр тарткан аймактарда 8 863 объектке келтирилген зыянды аныктоо иштери аяктады. 356 үй-бүлө жаңы үйлөрдү жана батирлерди алышты, 1472 үйдүн курулушу уланууда. 1389 үйдү оңдоого 5,2 миллиард теңгеден ашык каражат бөлүнүп, 3804 үй-бүлөгө жалпы суммасы 657 миллион теңге (1,5 миллион доллар) өлчөмүндө материалдык чыгым төлөндү. Өлгөн мал үчүн төлөмдөр 1,6 миллиард теңгени (3,6 миллион доллар) түздү”, - деп айтылат өкмөттүн билдирүүсүндө.

Буга чейин Казакстан Суу кодексин жана башка бир катар стратегиялык мамлекеттик программаларды кайра карап чыгып, суу ташкындарын болжолдоо жана алдын алуу иш-чараларын күчөтө турганы белгилүү болгон.

Ошондой эле өлкөдө гидромониторингди жакшыртуу үчүн өлчөөчү станциялардын саны көбөйөрү айтылды. Иштеп жаткан 377 өлчөөчү станцияга дагы 139 жаңысы кошулуп, алар суу ташкындоо коркунучу бар аймактарда жана трансчек аралык дарыяларда орнотулат.

2024-жылы суу ташкындары олуттуу табигый кырсыкка айланып, Казакстанга да, Орусияга да таасирин тийгизген. Адистердин айтымында, бул суу ташкындарынын зыяны акыркы 80 жылдагы эң чоң зыян болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан