Баш калаада зомбулуктан жабыркаган кыз-келиндерге жардам берүүчү борбор презентацияланды

Бүгүн, 24-майда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдында “Гендердик зомбулуктан жабыр тарткан аялдарга жана кыздарга жардам берүүчү “Бирдиктүү терезе” мамлекеттик борборунун презентациялоо аземи болуп өттү.

Министрликтен кабарлашкандай, иш-чарага эмгек министри Гүлнара Баатырова, Жогорку Кеңештин депутаттары, АКШнын, Япониянын элчилери, Улуу Британия, Катар элчиликтеринин өкүлдөрү, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Сексуалдык зомбулук – бул коомдун пайдубалына шек келтирген жана аялдардын укуктарынан жана кадыр-баркынан ажыраткан адамзатка каршы кылмыш. Мына ошондуктан мамлекеттин эң негизги милдети – бул зомбулуктан жапа чеккен кыз-келиндерге колдоо, жардам көрсөтүү үчүн ушундай борборду түзүп, мындай кылмыштардын алдын алууга шарт түзүп берүү.

Бул борбордун максаты – зордук-зомбулуктан аман калган кыз-келиндер үчүн зарыл болгон жардамга жетүүнү жеңилдетүү жана керектүү колдоону түзүү. Борбордо медициналык, консультациялык, юридикалык, психологиялык жана социалдык кызматтарды бириктирген квалификациялуу адистер иштешет. Бул жерден тергөө иштерине жардам алууга болот", - деди министр.

Анда тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн жабырлануучуларга ыңгайлуу бөлмөлөр, медициналык текшерүү жана психологиялык колдоо көрсөтүү бөлмөлөрү, тергөө үчүн атайын жабдуулары бар соттук-медициналык кабинеттер бар.

Аталган борбор азыркы учурда макулдашуудан өтүп жаткан тиешелүү нормативдик-укуктук актыларга кол коюлгандан кийин пайдаланууга берилет.

Борбор Бириккен Улуттар Уюмунун баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы менен АКШнын мамлекеттик департаментинин эл аралык баңгизаттар жана укук коргоо иштери боюнча бюросунун колдоосу менен оңдоп-түзөөдөн өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан