Бүгүн, 24-майда Садыр Жапаров Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын Жетекчилер кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Бишкекте КМШга мүчө-мамлекеттердин коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын Жетекчилер кеңешинин 54-жыйыны өтүп жатат.
"Шериктештик бизди жалпы баалуулуктардын негизинде бириктирип жатканы жана Уюмдун өлкөлөрүнүн кызыкчылыктарын эске алган, баарынан мурда достук жана коңшулаш мамлекеттер аралык мамилелерди чыңдоо үчүн өзүн негизги инструмент катары көрсөткөнү кубандырат. Өткөн жылы Кыргызстан КМШ органдарында төрагалык кылды, анын ийгиликтүү өтүшү шериктештиктин бардык уставдык органдарынын жыйындарынын жүрүшүндө белгиленди", - деди Садыр Жапаров.
Президент КМШга мүчө-мамлекеттердин интеграциясын бекемдөөгө жана көп тараптуу форматта өз ара аракеттенүүнү жогорулатууга Кыргызстандын умтулуусун ырастап, Коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын Жетекчилер кеңеши түзүлгөндөн бери өлкөнүн коопсуздугун чыңдоо боюнча баа жеткис иштерди аткарып, заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу жаатында жемиштүү көп тараптуу кызматташтыкты жана өз ара аракеттенүүнү куруу боюнча практикалык кадамдар жасалып жатканын белгиледи.
Ага ылайык, мамлекет башчысы коопсуздук тармагындагы терроризм жана экстремизмдин эң курч көйгөйүн айтты. Ал Кыргызстан өзүнүн масштабы, күтүүсүз жана кесепеттери боюнча кооптуу коомдук-саясий жана моралдык көйгөйлөрдүн бирине айланган терроризмди анын бардык көрүнүштөрүндө чечкиндүү түрдө айыптай турганын баса белгиледи.
Өлкөлөрдүн коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын өкүлдөрүнө кайрылып, дүйнөдө өсүп жаткан белгисиздик, башаламандык жана чыр-чатактар менен мүнөздөлгөн өзгөрүүлөр тууралуу айтты.
Ага байланыштуу өлкө башчы үстүбүздөгү жылдын 22-мартында Москванын жанындагы “Крокус Сити Холлдо” көп сандаган курмандыктар менен коштолгон акыркы трагедиялуу окуялар, атайын кызматтардын ролун, алардын ишин жакшыртуу жана мамлекеттерибиздин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн биргелешкен күч-аракеттерди күчөтүү зарылдыгын дагы бир жолу көрсөтүп жаткандыгын белгиледи.
Мындан тышкары Садыр Жапаров Кеңештин 54-отурумунун жыйынтыгы биргелешкен өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоо жана тереңдетүү үчүн зарыл шарттарды түзөрүнө ишеним билдирди.
Өз кезегинде жыйынга төрагалык кылган Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын директору Александр Бортников Садыр Жапаровго жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ал бүгүнкү иш-чаранын негизги темасы - КМШ өлкөлөрүнүн жана дүйнөнүн башка аймактарынын туруктуулугуна жана коопсуздугуна олуттуу коркунуч туудурган - эл аралык терроризмге каршы туруу экенин белгиледи.
"Ал ошондой эле негизги көңүл КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздугуна коркунучтарды баалоодо бирдиктүү ыкмаларды иштеп чыгууга жана аларды зыянсыздандыруу боюнча атайын кызматтардын өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга бурулары болжолдонуп жатканын баса белгилеп өттү", - деп айтылат маалыматта.