АКШ Грузин бийлигин коркутууда 

АКШ Грузияга каршы санкцияларды даярдап жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка караганда, АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Грузиянын парламенти өткөн аптада кабыл алган “чет элдик агент” жөнүндөгү мыйзам өлкө жарандарынын биригүү эркиндигин жана сөз эркиндигин чектейт деп билдирген. Анын айтымында, Вашингтон грузин бийлигине каршы санкцияларды даярдап жатат. Тактап айтканда, АКШ виза чектөөсүн киргизип, Тбилиси менен мамилесин кайра карап чыгат.

Блинкен виза чектөөлөрү Грузиядагы "демократияны бузууга" жооптууларга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө таасир этерин тактады.

"Биз Грузиянын лидерлери мыйзам долбоорун кайра карап чыгып, өз өлкөсүнүн демократиялык жана евроатлантикалык умтулууларын алдыга жылдыруу үчүн кадамдарды жасайт деп үмүттөнөбүз. Биз эки өлкөнүн ортосундагы мамилени талдап жатып, өз алдынча чечим кабыл алууда Грузиянын аракеттерин эске алабыз", - деп эскертти мамлекеттик катчы.

Бийликтеги “Грузин кыялы” партиясы өткөн аптада кабыл алган мыйзам долбооруна ылайык, каржысынын 20 пайыздан ашыгын чет жактан алган бейөкмөт уюмдар жана маалымат каражаттары “чет элдик бийликтин кызыкчылыгын көздөгөн” катары каттоодон өтүшү керек. Бул чараларга баш ийбеген уюмдар 9200 долларга чейин айыпка жыгылат, андан кийин талаптарды аткарбаган ар бир кийинки ай үчүн 7300 доллар өлчөмүндө кошумча айып салынат.

Сынчылар 2012-жылдан бери бийликте турган “Грузин кыялы” мыйзам долбоорун Москвадан көчүрүп алды деп айыпташты. Мыйзамдын Орусиядагы аналогун да укук коргоочулар сөз эркиндигин чектээрин белгилешет.

14-майда мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин миңдеген демонстранттар Тбилисинин борборундагы парламент имаратына келип, полиция менен кагылышуулар башталган.

АКШ Грузияны мыйзамды жокко чыгарууга кайра-кайра чакырып, бул өлкөнүн Европа Биримдигине кирүү жана НАТО менен мамилесин оңдоо максатына доо кетириши мүмкүн деп эскертти. Грузия 2022-жылы Евробиримдикке кирүү үчүн арыз берип, былтыр декабрда талапкер статусун алган.

Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Лейен ушул айдын башында мыйзам Грузиянын "Европадагы келечегине" олуттуу тоскоол болорун эскерткен.

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили 18-майда вето укугунан пайдаланып, мыйзам долбоору Конституцияга туура келбейт деген жүйө менен ага бөгөт койгон. Зурабишвилинин кадамы мыйзамдын кабыл алынышын гана кечеңдетет, анткени башкаруучу партия президенттин ветосун жокко чыгаруу үчүн парламентте жетиштүү добушка ээ.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан