Стамбулдун Үскүдар районундагы кафеде атышуу болуп, үч адам каза болуп, бешөө жарадар болду. Бул тууралуу Anadolu Ajansi агенттигине таянып чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалымдалгандай, чатак эки үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосунда балдарынын мушташынан улам келип чыккан. Чыр атышууга чейин жетип, жаңжалдан эки жабырлануучу оор жаракат алган.
Окуяны прокуратура териштирип, кафенин жанындагы жол тосулган.