Биз социалдык тармакта

Баткенде батирде бекилип калган наристе куткарылды

Баткенде батирде бекилип калган наристе куткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

ӨКМге бүгүн, 24-май күнү саат 13:11 чамасында Кызыл-Кыя шаарындагы көп кабаттуу үйдүн батиринин эшиги бекилип калганы тууралуу маалымат түшкөн. Анда батирде эки жарым жаштагы наристе бар экени айтылган.

"Аталган дарекке жетип барган куткаруучулар 4-кабатта жайгашкан батирге терезе аркылуу кирип, наристени аман-эсен куткарып, апасына тапшырышты", - деп айтылат малыматта.

ӨКМ окуядан жабыркагандар жок экенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан